Папан ГЭСинин курулушу боюнча даярдык иштери башталды
25 март

Папан ГЭСинин курулушу боюнча даярдык иштери башталды

Ош облусунун Кара-Суу районунда Папан ГЭСине алып баруучу жолдордун курулушу башталды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты. 

Станция Папан суу сактагычынын төмөнкү бөлүгүндө (бьефинде) жайгашат. Жаңы ГЭСтин пландалган кубаттуулугу 27 МВтты (үч гидроагрегат, ар бири 9 МВт) түзөт, ал эми жылдык орточо электр энергия өндүрүү көлөмү 113 млн кВт·с болот.

Бул долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ) алкагында «Чакан ГЭС» ААКу жана "Гидроэнергетиканы куруу боюнча биргелешкен кыргыз-кытай коому" ЖЧК тарабынан ишке ашырылып, инвестор жана башкы подрядчы катары аталган ЖЧК чыгууда.

Учурда төмөнкү иштер жүрүп жатат:

• долбоордук-сметалык документациянын иштелип чыгууда;

• керектүү гидротехникалык жана электротехникалык жабдууларды алуу үчүн буйрук кылынды;

• курулуш аянтына атайын техниканын бир бөлүгү жеткирилди;

• Төлөйкөн дачасынан келечектеги ГЭСтин имаратына чейин жол курулуп жатат: 8 км жолдун 6 км салынды.

Эске салсак, 2024-жылдын 5-октябрында келечектеги Папан ГЭСинин курулуш аянтында капсула коюу аземи өткөн. Курулуштун аякташы 2027-жылдын үчүнчү кварталына пландаштырылган.