КР СӨП менен Кытай делегациясы тоо-кен тармагына инвестиция тартуу маселесин талкуулады
Кытайдан тоо-кен тармагынын өкүлдөрүнөн турган делегация келди. Делегацияны Ван Шэнгуй жетектеди, деп билдирет КР СӨПтүн маалымат кызматы.
КР СӨП президенти Темир Сариев кытайлык ишкерлер менен жолугушту.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар мындан аркы кызматташуунун келечегин, ошондой эле Кыргызстандын экономикасына инвестиция тартуу маселелерин талкуулашты.
Кыргыз Республикасынын СӨП чет өлкөлүк инвесторлор үчүн ачык экендигин жана өнөр жайды өнүктүрүүгө жана эки тараптуу бизнес байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түзгөн биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүүгө даяр экендигин баса белгиледи.
