Чоң-Алайда дыйкандар картошканын жаңы сортторун өстүрүүнү үйрөндү
30 июль

Чоң-Алайда дыйкандар картошканын жаңы сортторун өстүрүүнү үйрөндү

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы “Жар-Башы” айыл чарба кооперативинин базасында айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча талаа күнү өткөрүлдү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашкандай, бул иш-чарага дыйкандар, агрономдор, айыл чарба адистери, мындан сырткары Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген дыйкандар менен катар Өзбекстандык ишкерлер дагы катышып, тажрыйба алмашуу жүрдү.

Талаа күнүндө негизги басым картошка өстүрүү технологиясына жана элита репродукциядагы жаңы сортторду таанытууга жасалды. Атап айтканда, “Камелия”, “Параз/Диз”, “Коломбо” жана “Ривейра” сорттору талаа шарттарында өстүрүлүп, сыноодон өткөрүлүүдө. 

Иш-чара алкагында практикалык көрсөтмөлөр, сунуштар жана суроо-жооп форматындагы жандуу баарлашуулар уюштурулду.

Ошондой эле, талаа күнүнүн алкагында агрардык семинар өткөрүлүп, анда үрөн тандоо, оорууларга туруктуулук, түшүмдүүлүк жана сактоо технологиялары боюнча маалыматтар берилди. 

Мындай иш-чаралар дыйкандардын агрардык билимин жогорулатууга, сорт тандоодо туура чечим чыгарууга жана аймактагы айыл чарбасын өнүктүрүүгө өбөлгө болот.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги мындан ары да талаа күндөрүн жана тажрыйба алмашууларды үзгүлтүксүз уюштуруу менен, жергиликтүү дыйкандарга колдоо көрсөтүүнү улантат.