«Ысык-Көл облусунда Тамгада жана Караколдо электр берүү линиясын жана көмөк чордондорун куруу» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты
2 июнь

«Ысык-Көл облусунда Тамгада жана Караколдо электр берүү линиясын жана көмөк чордондорун куруу» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты

Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «2025-жылдын 22-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ысык-Көл облусунда Тамгада жана Караколдо электр берүү линиясын жана көмөк чордондорун куруу» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.

Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов тааныштырды. 

Анын айтымында сунушталып жаткан долбоор аркылуу 220/110/10 кВ «Каракол» жана С 220/110/24 кВ «Тамга» көмөк чордондорун, ошондой эле узундугу болжол менен 90 км болгон 220 кВ «Тамга-Каракол» электр берүү чубалгыларын куруу, Ысык-Көл облусунун түштүк-чыгыш бөлүгүнүн электр тармактарынын ашыкча жүктөлүшүн чечүүгө, өткөрүү жөндөмдүүлүн жана кубаттуулугун жогорулатууга, керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууга жана аймак үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон «Үч чоку» долбоору сыяктуу жаңы инфраструктуралык объектилерди кошуу болжолдонууда.

Долбоордун жалпы наркы 60,25 млн АКШ долларын түзөт, анын ичинен 58,25 млн АКШ долларын ИӨБ жеңилдетилген насыя түрүндө каржылайт. Ал эми 2,0 млн АКШ долларын Кыргыз Республикасы тең каржылайт (салыктар жана жыйымдар, көмөк чордондорду жана аба чубалгыларын куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүгө кеткен чыгымдар, уруксат берүүчү документтер ж.б. түрүндө). ИӨБдөн 58,25 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү насыя 25 жылга, анын ичинде 7 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен, 1,5%га чейинки пайыздык чен менен берилет.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар Эльвира Сурабалдиева, Бекмурза Эргешов, Талайбек Масабиров жана Эрнис Айдаралиев кредиттин шарттарына жана «Үч чоку» долбооруна көңүл буруп, бир катар жагдайларды такташты.