Кыргызстанда кайра иштетүү ишканалардын саны 425ке жетти
30 июль

Кыргызстанда кайра иштетүү ишканалардын саны 425ке жетти

Кыргызстанда алты айда 9 кайра иштетүү ишканалары ишке кирип, алардын жалпы саны 425 жетти. Аны менен бирге 1 соода логистикалык борбор түзүлүп алардын саны 40 түздү.  

Андан сырткары, 1 мал союу пункту ишке кирип, жалпы саны 115 болуп, эл аралык сапат стандаттары 56 ишканада киргизилди.

Өлкө боюнча алты айда 68 айыл чарба кооперативи жаңы түзүлүп, жалпы саны 813 жеткен. Ошону менен бирге 7 МТС уюшулду (1-мамлекеттик, 2-муниципалдык, 4-жеке менчик).

Ал эми 3 млрд. 327 млн. сом кайра иштетүү ишканаларына жана 17 кластердик бирикмелерге 6,0 пайыздык жеңилдетилген кредиттер 5 жылга “КАПК” долбоору аркылуу 1 251 субъекткке берилген. Ошол эле учурда айыл чарба тармагын жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү үчүн
98 долбоор ишке ашырылып жатат.