Жыл башынан бери дыйкандарга 660 даана айыл чарба техникасы лизингге берилдиүгүнкү күндө дыйкандарга 660 даана айыл чарба техникасы лизингге берилди
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөрдү айыл чарба техникалары менен камсыздоо жана машина-трактордук паркты жаңылоо боюнча бир катар ири иштер аткарылууда.
Ведомстводон билдиришкендей, 2025-жылдын ичинде министрлик тарабынан жалпы 2 млрд 400 млн сомго, 660 даана айыл чарба техникасы дыйкандарга жеңилдетилген шарттарда берилди. Бул айыл чарба жумуштарын өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүгө чоң жардам болду.
Мындан тышкары, бүгүнкү күнгө картата жалпы эсеп менен 20 млрд 600 млн сомго 7728 даана техника дыйкандарга лизинг аркылуу берилди. Бул агрардык сектордогу өндүрүштүн механизацияланышын жогорулатууда маанилүү кадам болуп саналат.
Дыйкандарга техникалык кызматтарды сапаттуу көрсөтүү жана лизинг механизмин өнүктүрүү максатында, 2011-жылдан тарта министрликтин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу алдында «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» аркылуу 7 лизингдик долбоор ишке ашырылып келет.
Аталган долбоорлор аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө айыл чарба техникаларынын бардык түрлөрү жана кайра иштетүү өнөр жайына керектелген жабдуулар жылына 6% үстөк менен, 7 жылдык мөөнөткө жеңилдетилген шартта лизингге берилүүдө.
Бул иштердин аркасында айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугу артып, айылдык ишкерлердин техникалык камсыздалуусу кыйла жакшырды.
