Кыргызстан менен Сауд Аравиясы биргелешкен Ишкердик кеңеш түздү
Кыргызстан менен Сауд Аравиясы биргелешкен Ишкердик кеңеш түздү, деп билдирет КР СӨПтүн басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев жана Сауд Аравиясынын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Хасан Моажеб Аль-Хувайзи Кыргыз-сауд ишкердик кеңешин түзүү боюнча келишимге кол коюшту.
"Бул демилге өткөн жылы биринчи жыйында көтөрүлгөн жана эми расмий деңгээлде ишке ашты. Кеңеш — эки өлкөнүн ишкерлери үчүн соода, инвестиция жана кызматташтыкты өнүктүрүүчү негизги платформага айланат", - деп айтылат маалыматта.
