Бакыт Төрөбаев “3+2” долбоору боюнча аралыктан видео байланыш (ВКС) аркылуу кеңешме өткөрдү
Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы алдында жазгы талаа жумуштарынын жыйынтыктары, сугат суусу менен камсыздоо тууралуу министрликтин түзүмдүк жетекчилери, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары менен аралыктан видео байланыш (ВКС) аркылуу кеңешме өтүп, бир катар тапшырмалар берилди.
Тактап айтканда, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында жазгы айдап-себүү кампаниясынын жыйынтыктоо иш чаралары, дыйкан-фермерлерди бириктирип, кооперативдерди түзүү менен пайдаланылбай жаткан айдоо аянттарынын азайтуу, сугат суусун сарамжалдуу пайдалануу максатында жамгырлатып, тамчылатып сугаруу боюнча аянттарды кеңейтүү ж.б актуалдуу маселелер каралды.
Ошондой эле, жыйында негизинен Суу ресурстары, айыл чарба, кайра иштетүү жана өнөр жайы министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан “3+2” долбооруна өзгөчө көңүл бурулду.
Долбоор министр Бакыт Төрөбаевдин “3+2” өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылыгы боюнча программанын негизиндеги тапшырмасына ылайык ишке ашырылууда. Долбоор алкагында Кыргызстандын айыл чарбасын санариптештирүү аркылуу өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана айыл аймактарын туруктуу өнүктүрүүнү өркүндөтүүгө басым жасоо боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилип, чечимдер кабыл алынды.
