«Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору кабыл алынды
Бүгүн, 21-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, колдоого ээ болду.
Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Камила Талиева, Надира Нарматова жана Бекмурза Эргешов.
Мыйзам долбоорунун максаты Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн кирешелерди бөлүштүрүү бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү болуп саналат. Ошону менен бирге жогоруда аталган мүлктү жакшыртуу жана тейлөө үчүн пайдаланууну көздөйт.
Муну менен катар «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, колдоо тапты.
Демилгечи – Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Алиев.
Мыйзам долбоорун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова тааныштырды. Ал белгилегендей, мыйзам долбоору «Жаштар арасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча чаралар жөнүндө» Жогорку Кеңештин 2024-жылдын 31-январындагы № 1842-VII токтомун ишке ашыруу максатында даярдалган.
