Былтыр Кыргызстандын калкынын кирешеси дээрлик 13%га өскөн
21 май

Былтыр Кыргызстандын калкынын кирешеси дээрлик 13%га өскөн

2024-жылы Кыргызстандын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 926 млрд сомду түздү. 

Улуттук статистикалык комитеттен билдиришкендей, бул өткөн жылга салыштырмалуу 18,6 пайызга көбөйдү.

Айлар боюнча:

  • Январь-март: 219 млрд сом,
  • Январь-июнь: 458 млрд сом,
  • Январь-сентябрь: 685 млрд сом,
  • Январь-декабрь: 926 млрд сом.

Кирешенин негизги булагы - айлык маяна, социалдык төлөмдөр жана жеке чарба кирешелери.

Муну менен катар 2024-жылы керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген калктын реалдуу акчалай кирешелеринин көлөмү 881,9 млрд сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 12,9 пайызга көбөйгөн. 

Милдеттүү төлөмдөр жана төгүмдөр кошулбай эсептелген кирешелерди мүнөздөгөн, калктын адам башына бөлүнгөн орточо акчалай кирешелери 2024-жылы жалпысынан республика боюнча айына 11 318,6 сомду түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 16,5 пайызга көбөйдү.

л