Кыргызстанда сейсмоизолятор чыгарган завод курулат
Кыргызстанда сейсмоизолятор чыгарган завод курулат. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын маалыматына караганда, бүгүн Кытай компаниясы менен келишим түзүлдү. Анын баасы 10 млн АКШ долларын түзөт.
"Кыргызстанда Курулуш министрлигинин базасында сейсмо-изоляторлорду чыгаруу боюнча завод курулат. Башкаруу 51/49 пайыз менен. 51 пайыз мамлекеттин пайызы болот", – деди ал.
Министр ушул эле келишимдин негизинде жер кыртышын изилдөө боюнча 3 мобилдик жана 3 лабаротория болорун кошумчалады.
"Андан тышкары 1,5 млн доллар мамлекетке грант келет. Ал акча каражат Курулуш министрлигинин жабдыктарын алууга жана имараттарын курууга колдонулат", – деди Орунтаев.
Келишимдин аткаруу мөөнөтү 90 күн, ал убакытта 11,5 млн АКШ долларын Кыргызстанга алып келишет.
Курулуш министри келишимдин иштөө мөөнөтү 7 жылга, ал убакыттан кийин бардык имараттар жана жабдыктар толук мамлекетке өткөрүлөрүн кыйытты.
