Кыргызстанда гипсокартон жана кургак курулуш аралашмаларынын заводу курулат
Германиянын Бад-Херсфельд шаарында 19-майда Кыргызстандын элчиси Өмүрбек Текебаев менен Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев германиялык «Grenzebach» өнөр жай компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын түштүгүндө гипсокартон жана кургак курулуш аралашмаларын өндүрүүчү заманбап завод куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча алдын ала макулдашууга жетишти.
«Grenzebach» компаниясы курулуш материалдары үчүн жогорку технологиялуу өндүрүш линияларын иштеп чыгуу жана жеткирүү боюнча дүйнөлүк лидер катары белгилүү жана гипсокартон менен курулуш аралашмаларын чыгаруучу эң ири германиялык «Knauf» концернинин көптөн берки өнөктөшү болуп саналат. «Grenzebach»тын долбоорго катышуусу Кыргызстанда курулуш материалдарын өндүрүүдө алдыңкы технологияларды жана жогорку сапат стандарттарын киргизүүгө мүмкүндүк берет.
Жаңы завод Кыргызстандын өнөр жай секторун өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, экспорттук потенциалды жогорулатууга жана Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы экономикалык байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Долбоор ошондой эле КР Министрлер Кабинетинин чет элдик инвестицияларды тартуу жана курулуш тармагын модернизациялоо стратегиясын колдойт.
