Айыл чарба министрлиги дыйкандарга экинчи түшүм катары тоют өсүмдүктөрүн өстүрүүнү сунуштайт
21 май

Айыл чарба министрлиги дыйкандарга экинчи түшүм катары тоют өсүмдүктөрүн өстүрүүнү сунуштайт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүөнөр жайы министрлиги 2025-жылдын жазгы жанакүзгү түшүмдөр алынгандан кийин эгин айдооаянттарына экинчи түшүм катары тоютөсүмдүктөрүн өстүрүүнү сунуштайт. 

Бул өсүмдүктөргө - жүгөрү (силоско), сорго, соя жанабашка мал үчүн тоют болуучу өсүмдүктөр кирет.

Мындай кадам мал чарбачылыгы өнүккөн аймактарда  кыш мезгилинде малды жашыл тоют, кургак чөп (сено), сенаж жана силос менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга шарт түзөт. 

Министрлик бул сунуш фермерлерге киреше табуунун жаңы булагы болуп, малдын азык-түлүк базасын бекемдөөгө жардам бере тургандыгын белгилейт.