Кыргызстандын тышкы соодасынын көлөмү 11,7 пайызга төмөндөдү
13 июнь

Кыргызстандын тышкы соодасынын көлөмү 11,7 пайызга төмөндөдү

Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү, алдын ала маалыматтар боюнча, 2025-жылдын январь-апрель айларында 4 592,4 млн АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов маалымат жыйынында билдирди. 

Анын айтымына караганда, аталган көрсөткүч 2024-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 11,7 пайызга төмөндөдү.

Мында экспорттук жеткирүүлөр 8,2 пайызга, импорттук келип түшүүлөр 12,3 пайызга азайды.

Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 2025-жылдын январь-апрель айларында 1 472,7 млн АКШ долларын түзүп, 2024-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 3,8 пайызга көбөйдү. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү ушул мезгилде Россияга (67,6 пайыз) жана Казакстанга (30,2 пайыз) туура келди.