Кыргызстанда керектөө баалары 3,3 пайызга өстү
13 июнь

Кыргызстанда керектөө баалары 3,3 пайызга өстү

Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында (өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу) Кыргызстан боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү жалпы республика боююнча 3,3 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов маалымат жыйынында билдирди. 

Анын айтымына караганда, мында азык-түлүк продуктуларга жана алкоголсуз суусундуктарга баалар 4,9 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге – 3,0 пайызга, азык-түлүк эмес товарлар – 1,9 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери – 1,0 пайызга жогорулады.

Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык региондорунда байкалды.

Мында, баалардын эң жогорку өсүшү (4,4 пайыз) Талас облусунда катталган, бул азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктардын баасынын (7,4 пайызга) жогорулашына байланыштуу болду. Алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге баанын (7,2 пайызга эң жогорку өсүшү) Ош шаарында, азык-түлүк эмес товарларга (3,1 пайызга) Ысык-Көл облусунда жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтерине (4,3 пайызга) Нарын облусунда белгиленди.