Жыл башынан бери Кыргызстанда 26,5 миң жаранга пенсия чектелди
13 июнь

Жыл башынан бери Кыргызстанда 26,5 миң жаранга пенсия чектелди

КРнын Социалдык фонду 2025-жылдын январь-май айларында 26 миң 593 жаранга пенсия чектеди. 

Фонддун билдирүүсүнө караганда, анын ичинде май айында:

  • 3030 жаранга пенсия чектелди;
  • 1095 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелди (эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча кошумча документтердин негизинде).

Пенсия тууралуу суроолорго жооп алуу үчүн 1202 номерине кайрылсаңыз болот.