Кыргызстандын ИДПсы жыл башынан бери 573 млрд сомду түздү
2025-жылдын январдан майга чейинки беш айда Кыргызстандын экономикасынын негизги көрсөткүчтөрүндө өсүү байкалды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов маалымат жыйынында билдирди.
“Ушул жылдын беш айында ИДПнын көлөмү 573 миллиард сомдон ашты. Бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,3 пайызга өстү”, – деди ал.
Айтымында, тейлөө тармагынын ИДПдагы үлүшү 53 пайызды түзсө, товардык өндүрүш тармактарынын үлүшү 19 пайыз, ал эми продукцияга болгон салыктар 17 пайыз.
Ошондой эле, ал белгилегендей, Кыргызстандын тышкы жана өз ара соода көлөмү 2025-жылдын төрт айында 2024-жылдын төрт айына салыштырмалуу 11,7 пайызга төмөндөгөн.
Экспорттук жөнөтүү 713 миллион АКШ долларын түзүп, 8,2 пайызга азайган.
Импорттук керектөө 12,3 пайызга төмөндөгөн.
