Кыргызстанда 44 миңден ашуун POS-терминал бар. Бишкекте – 25 миң, Таласта 1,1 миң
2025-жылдын 31-мартына ылайык Кыргызстандын аймагында 2 560 банкомат жана 44 миң 317 POS-терминал иштеп жатат. Бул тууралуу Улуттук банк билдирет.
2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу POS-терминалдардын саны 70,7%га, ал эми банкоматтардын саны 9,3% көбөйгөн.
Аймактардагы банкомат, POS-терминал жана төлөм терминалдары:
- Бишкек шаарында: 861 банкомат, 25 054 POS-терминал, 870 төлөм терминалы
- Ош облусунда: 429 банкомат, 4 167 POS-терминал, 608 терминал
- Чүй облусу: 287 банкоматов, 4 137 POS-терминал, 296 терминал
- Ысык-Көл облусу: 256 банкомат, 3 390 POS-терминал, 419 терминал
- Жалал-Абад облусу: 380 банкомат, 2 214 POS-терминал, 449 терминал
- Баткен облусу: 145 банкоматов, 809 POS-терминал, 206 терминал
- Нарын облусу: 103 банкомат, 719 POS-терминал, 173 терминал
- Талас облусу: 99 банкомат, 1 163 POS-терминал, 166 терминал.
