Эсеп палатасы Ош мэриясынын 2025-жылдагы отчетунун тактыгын тастыктай алган жок
Кыргызстандын Эсеп палатасы Ош шаарынын мэриясынын 2025-жылдагы финансылык отчетунун толуктугу жана аныктыгы боюнча аудитордук корутунду бере алган жок.
Бул тууралуу Эсеп палатасынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча билдиришти. Анда Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары каралды.
Буга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча жыйынды баланстын талаптагыдай түзүлүп, бекитилбегени себеп болгон.
Текшерүүнүн жүрүшүндө түзүмдүк бөлүмдөрдө жана муниципалдык мекемелерде бюджеттик каражаттарды пайдаланууда, муниципалдык мүлктү башкарууда, бухгалтердик эсепти жүргүзүүдө жана финансылык отчетторду түзүүдө мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган.
Ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө, турак жай жана коммерциялык объектилерди бузууга, жер тилкелерин алып коюуга байланыштуу компенсацияларды эсептөөдө мыйзам бузуулар табылган.
Мындан тышкары, базарлардын жана соода объектилеринин жабылышынан улам салыктык түшүүлөрдүн азайып кетүү тобокелдиктери белгиленген.
Аудиттин жыйынтыгы менен муниципалдык мүлктүн жетишсиздиги жана ири суммадагы каражаттарды мыйзамсыз ыйгарып алуу тобокелдиктери боюнча материалдарды укук коргоо органдарына жөнөтүү пландалууда.
Текшерүүнүн бардык материалдары укуктук баа берүү үчүн Башкы прокуратурага да өткөрүлүп берилет.
