Бишкекте эттин баасы туруктуу – мониторингдин жыйынтыгы
Бишкекте эттин баасы туруктуу, деп билдирет Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 5-сентябрынан 18-сентябрына чейин Бишкектеги Аламүдүн, Орто-Сай, Ош базарларындагы эттин бааларына мониторинг жүргүзүлгөн.
"5-сентябрдан тартып эт азыктарынын орто баасы билинбей күн сайын баа алмашып жатканына байланыштуу сатычуулар 20-30 сомго чейин бааны бирде өйдө бирде төмөн коюп келген. 18-сентябрдын мониторингинин жыйынтыгында эт азыктарынын баасы бүгүнкү күнгө карата туруктуу экендиги байкалды", - деп айтылат маалыматта.