Ош шаарынын мэриясы менен Улуу Британиянын Элчилигинин өкүлдөрү кызматташтыкты кеңейтүү маселелери боюнча талкуулашты
Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Адилет Шаршеналы уулу Кыргыз Республикасындагы Улуу Британиянын Элчилигинин кеңешчиси Чарльз Моррис менен жолугушту.
Жолугушуунун алкагында эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо маселелери каралып, өзгөчө жашыл экономика, энергетика жана бул багыттарда тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрү кеңири талкууланды.
Тараптар аялдардын ишкердикке активдүү катышуусун камсыз кылуу жана аларды колдоо чаралары тууралуу пикир алмашышты. Ошондой эле муниципалдык кызматкерлер үчүн жашыл экономика боюнча билим берүү жана тажрыйба топтоо максатында атайын окутууларды уюштуруу демилгеси көтөрүлдү.
Мындан тышкары, санариптештирүү, IT-технологиялар, “акылдуу унаа токтотуучу жайлар” жана күн энергиясын колдонууга негизделген инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү да каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар аталган багыттар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана кызматташууну мындан ары тереңдетүү боюнча макулдашышты.
