Салык төлөөчүлөрдүн иштөөсүн жеңилдетүү үчүн бирдиктүү салык эсеби иштелип чыкты
Салык кызматы 2025-жылдын 1-июнунан тыртып жеке жактар үчүн бирдиктүү салык эсебин киргизүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Бул салыктык башкарууну жөнөкөйлөтүү, жол-жоболорун өркүндөтүү жана чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында ишке ашырылууда.
Бирдиктүү салык эсеп - бул салык төлөөчүнүн каражаттары сакталган виртуалдык салык капчыгы. Сиз бирдиктүү салыктык эсебиңизди каалаган суммага толуктай аласыз.
Бирдиктүү салык системасын киргизүү көптөгөн өзүнчө төлөмдөрдүн ордуна бирдиктүү салык төлөмүн жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Ал эми салык кызматы бирдиктүү салык тутумунан түшкөн каражаттарды салык төлөөчүнүн салыктык милдеттенмелеринин ортосунда өз алдынча бөлүштүрөт.
Бирдиктүү салык тутумунан салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө салык органы тарабынан автоматташтырылган режимде жүзөгө ашырылат. Бирдиктүү салык системасы аркылуу салык милдеттенмелерин аткаруу үчүн салык төлөөчүдөн ИНН жана төлөм суммасы гана талап кылынат.
Сиз бирдиктүү салык системасын ар кандай жолдор менен толуктай аласыз. Онлайн (салык төлөөчүнүн эсеби, QR коду эквайринг аркылуу) же банк аркылуу.
Бирдиктүү салык тутумунан салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн автоматташтырылган төлөөдө адамдык факторлорду, анын ичинде салыктарды өз убагында төлөөнү, кечиктирилген төлөмдөрдүн туумдарды жана санкцияларды кошууну, төлөм документтериндеги реквизиттерди толтуруудагы каталарды жок кылат.
Пилоттук этапта бирдиктүү салык эсеби төмөнкүлөр үчүн колдонулат:
- Патенттин негизинде ишкердик же эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жеке жактар;
- Өзгөчө соода режими бар зоналарда иштеген жеке жактар;
- Турак жайга мүлк салыгын төлөө.
Бирдиктүү салык эсебин ишке ашыруу КРнын Президентинин 2025-жылдын 13-февралындагы №46 «Дордой» соода-базар комплексинин базарларында жана кичи базарларында салыктык тескеп-башкаруу боюнча пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу жана Бирдиктүү салык эсебин ишке ашыруу жөнүндө» Жарлыгынын алкагында ишке ашырылууда.
