ЕАЭБде интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү кылмыш бузуулар 36%га өстү
Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдө 2025-жылы интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө 1 миң 782 мыйзам бузуу катталган.
Бул маалыматтар 28-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын алдындагы Интеллектуалдык менчик боюнча консультативдик комитеттин жыйынында каралды.
ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бакыт Султанов бул чөйрөдөгү кылмыштардын деңгээли 36,4%га өскөнүн билдирди.
«Мындай көрүнүш бул мыйзам бузууларды аныктоо көрсөткүчү көп жылдар бою төмөндөгөндөн кийин биринчи жолу катталды», — деди ал.
Мыйзам бузуулардын басымдуу бөлүгү товардык белгилерге болгон укуктарга байланыштуу болуп, 85,6%ды же 1 миң 525 учурду түзгөн.
ЕАЭБ өлкөлөрүндө көбүнчө жасалма өндүрүлгөн товарлардын катарына кийим-кече жана бут кийим, тиричилик техникасы жана электроника, оюнчуктар, галантерея жана аксессуарлар, автоунаа тетиктери жана алкоголдук продукциялар кирет.
ЕЭК ошондой эле интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо жаатындагы укук колдонуу практикасынын абалы тууралуу отчет кызыкдар тараптардын таанышуусу үчүн жарыяланарын билдирди.
Жыйында ЕАЭБдин мыйзамдарында «соода белгиси», «товардык марка» жана «бренд» түшүнүктөрүн бекитүү мүмкүнчүлүгү да талкууланды.
Мындан тышкары, ЕАЭБдин товардык белгилерин жана товарлардын чыгарылган жерлеринин аталыштарын каттоо системасын, ошондой эле интеллектуалдык менчик объекттеринин бирдиктүү бажы реестрин ишке киргизүү үчүн маалыматтык өз ара аракеттенүүнү тестирлөөнүн жүрүшү каралды.
