Минскте кыргыз-беларус бизнес форумуна даярдыктар талкууланды
Кыргызстандын Беларусь Республикасындагы элчиси Эрбол Султанбаев 19-майда Беларустун Маркетинг жана бааларды изилдөө улуттук борборунун директору Николай Борисевич менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты.
Жолугушууда тараптар үстүбүздөгү жылдын июнь айына Минск шаарында пландалып жаткан кыргыз-беларус бизнес форумуна даярдыктарды талкуулашты.
Форумдун жүрүшүндө өнөр жай ишканаларына баруу жана төмөнкү тармактарда B2B сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү пландаштырылууда: айыл чарба, жеңил жана оор өнөр жай, фармацевтика ж.б.
