«Чакан ГЭС» ААК күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин жүргүзүүдө
Үстүбүздөгү жылдын 19-майынан баштап 1957-жылдан бери тынымсыз иштеп келген «Чакан ГЭС» ААКнун №6 ГЭСинде гидроагрегат №1 жана №2 менен алардын көмөкчү системаларынын капиталдык ремонту башталды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты.
Азыркы учурда жабдууларды ремонтко чыгарууга даярдык иштери жүрүп жатат.
Капиталдык ремонттун алкагында төмөнкү жумуштар аткарылмакчы:
* гидроагрегатты демонтаждоо жана кайра монтаждоо;
* жетектөөчү аппаратты оңдоо;
* май кабылдагычты оңдоо;
* жабдууларды борборлоштуруу;
* статор менен роторду оңдоо;
* козгоо системасын калыбына келтирүү;
* тормоздоо системасын оңдоо;
* лак-боёк каптамаларын жаңылоо;
* гидроагрегатты кайра жыйноо жана орнотуу.
Ремонтун негизги максаты — жабдууларды штаттык абалга келтирип, алардын туруктуу жана коопсуз иштешин камсыз кылуу.
Капиталдык ремонттун мөөнөтү — 60 күн, иштерди аяктоо жана №6 ГЭСти кайра ишке киргизүү 2025-жылдын июль айынын аягына пландалган.
Май айында №3 ГЭСте да учурдагы ремонт жана профилактикалык иштер аткарылды, анын ичинде:
* гидроагрегаттарда жана 35 кВ чубалгыларынын ячейкаларында электр өлчөөлөр;
* В6Г-1 жабдуусунун профилактикалык көзөмөлү;
* контакттарды тазалоо;
* электр өлчөөлөр жана сыноолор;
* майды лабораториялык талдоо үчүн үлгү алуу.
Капиталдык жана учурдагы ремонт иштери дарыялардагы суу деңгээли эң төмөн болгон учурда, суунун негизги бөлүгү сугат иштерине колдонулган мезгилге туура келгендей пландалган. Бул — гидроэлектростанцияларда ремонт жүргүзүү үчүн эң ылайыктуу учур. Ремонт иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп, жогорку жүктөм мезгилинде жабдуулардын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштешин камсыздоого багытталган.
