Кыргызстанда 4 айда азык-түлүк, суусундук жана тамекини өндүрүү 30 млрд сомдон ашты
Республиканын кайра иштетүүчү өнөр жайынын продукциясынын жалпы көлөмүндө тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктар жана тамеки өндүрүү боюнча ишканалардын үлүшү отчёттук мезгилде 19,6%ды түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары министрлиги билдирет.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2025-жылдын январь-апрель айларында айыл чарба продукциясын кайра иштетүү өнөр-жай ишканалары тарабынан учурдагы баа менен 30 283,8 млн. сом көлөмүндө тамак-аш азыктары, ага кирген суусундуктары жана тамеки өндүрүлгөн, физикалык көлөмдүн индекси – 163,5 % түздү.
2024-жылдын январь–апрелинде бул көрсөткүч 23 496,8 млн сомду түзүп, физикалык көлөмдүн индекси – 118,1 % болгон, бул 2025-жылы өндүрүш көлөмдөрүнүн олуттуу өсүшүн көрсөтөт.
