Кыргызстанда мөмө-жемиштердин жаңы сорттору сыналууда
Быйыл Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун сыноого койду.
Сыноолор эң туруктуу, түшүмдүү жана Кыргызстандын климаттык шарттарына ыңгайлашкан сортторду аныктоо максатында жүргүзүлүүдө. Ооруларга жана зыянкечтерге туруштук берүүгө, бышып жетилүү мезгилине, даамга жана узак мөөнөткө сактоого, ошондой эле экспортко ылайыктуулугуна өзгөчө көңүл бурулат.
Сыноонун жыйынтыгы өлкөнүн ар кайсы региондорунда келечектүү сортторду агроөнөр жай өндүрүшүнө жана багбанчылыкты өнүктүрүүгө мындан ары киргизүү үчүн колдонулат.
Сыноолорго коюлган сорттордун тизмеси:
- Алма: Стори Иноред;
- Кара өрүк: Блэк Даймонд;
- Алмурут: Деведжи, Этрушка;
- Жүзүм: Юпитер, Ред Глобус, Шайн Мускат, Ламборджини, Маникюр манжа, Сето киш-мише;
- Өрүк (эрте сорттору): Микадо, Зираат 0900;
- Шабдалы: Копакабана;
- Гилас: Эрли Лори, Свит Лоренц, Свит Стефани (Италия), Стаккато (Канада);
- Малина: Делвива;
- Бүлдүркөн: Кара Жем;
- Карагат: Титания, Биг Бен;
- Кулпунай: Портола, Сан Андреас;
Ийгиликтүү сыноолор аяктагандан кийин дыйкандарга өстүрүүгө жана экспорттоого ылайыктуу жаңы, жогорку сапаттагы сорттор сунушталат.
