Кыргызстандын туристтик потенциалы Новосибирскиде тартууланды
12 июнь

Кыргызстандын туристтик потенциалы Новосибирскиде тартууланды

Кыргызстанлын туристтик потенциалын жайылтуу жана туризм тармагындагы кызматташууну активдештирүү максатында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу Сибирь округунун Илимдер академиясына караштуу Мамлекеттик коомдук илимий-техникалык китепкана жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти менен биргеликте Кыргызстандын туристтик уюмдарынын жана компанияларынын Сибирь федералдык округунун туристтик компаниялары менен кеңейтилген онлайн-жолугушуусун уюштурду.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Айбек Айдарбеков Сибирдеги туристтик агенттиктердин өнөктөштүктү кеңейтүү боюнча демилгелерин жана сунуштарын колдоого, ошондой эле Новосибирск облусунун туристтик компаниялары үчүн Кыргызстанга инфо-турун уюштурууга көмөктөшүүгө даяр экенин белгиледи.

Иш-чарага Кыргызстандын жана Новосибирск облусунун 20дан ашуун туроператору катышты, Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу видеороликтер көрсөтүлүп, “Кыргызстанга терезе” аттуу фотокөргөзмө ачылды.