МСК: Кыйыр салыктар боюнча отчетунун формасы жаңыртылды
Мамлекеттик салык кызматы кыйыр салыктар боюнча отчеттун FORM STI-123_6 формасына өзгөртүүлөрдү киргизди.
Жаңыртуунун алкагында 5 жана 9-тиркемелердеги тышкы экономикалык ишмердиктин товардык номенклатурасынын (ТЭИ ТН) коддору өзгөртүлдү.
Мындан тышкары, товарлардын импортуна кошумча нарк салыгын шарттуу эсептөө режимин колдонуучу субъект тарабынан импорттолгон товарлар жөнүндө маалыматтарды көрсөтүүгө арналган жаңы 11-тиркеме кошулду.
Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү салык органдарына тапшыруудан мурда кыйыр салыктар боюнча отчетунун формасын толтуруу тартиби менен таанышууга чакырат.
FORM STI-123_6 формасын толтуруу тартиби менен төмөнкү жерлерден таанышууга болот:
– Sti.gov.kg сайтындагы «Отчеттордун формалары» бөлүмүнүн «Кыйыр салыктар» блогунан.
– Cabinet.salyk.kg сайтындагы Салык төлөөчүнүн кабинетиндеги «Е-отчеттор» сервисинин «Отчетторду тапшыруу» бөлүмүнүн «Кыйыр салыктар» бөлүмчөсүнөн.
