Жумабеков: Исламдык кредитте пайыз болбойт, бизнес долбоор талап кылынат
Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банк жана айрым депутаттар тарабынан демилгеленген ислам принциптерине таянган кредит берүү боюнча мыйзам долбоору каралууда.
Анын максаты – кардарларга жеңилдик берүү жана элге адал продукция сунуштоо экенин демилгечилер белгилешти.
Бирок депутат Дастанбек Жумабеков ислам принциптерине таянган кредит берүү маселеси оор экенин жана ага кылдат мамиле жасоо керектигин билдирди.
Айтымында, мыйзам долбоорундагы Мурабаха – ислам принциптерине таянган кредиттин салттуу кредиттин айырмасы жок.
“Мушарака, шарика деген терминди өнөктөштүк деп которуп бердиңер. Демек, ислам принциптерине таянган кредит – бул өнөктөштүк. Мисалы, ислам принциптери менен кредит алам десең, алар сенден эмне үчүн ошол продукт керек болуп жатканын сурашат. Мисалы, такси кызматында иштөө үчүн машина керек десең, күнүнө же айына канча акча табаарыңды такташат. А сен күнүнө миң сом табаарыңды айтсаң, анда алар “ошол миң сомдун 200 сому биздики” дешет. Ошентип, мында өнөктөштүк, бизнес долбоор пайда болот.
Ал эми колдонгонго телефон же жашаганга үй алам десең, кредит берүүдөн баш тартышат. Мына, принцип. Пайыз жок, а өнөктөштүк бар. Пайыз болсо, шариятка туура келбейт, биз бул мыйзам долбоорду кабыл алууда өтө этият болушубуз зарыл”, – деди Жумабеков.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Илимбек Кубанычбеков бул дүйнөлүк практикада бар жана аалымдар менен кеңешкен чечим экенин белгиледи.
“Сөзсүз түрдө бизнес долбоору болушу керек эмес. Бүгүнкү күндө жалпы финансы булагынын 5 эле пайызы ислам продуктуларын камсыздоого кетип жатыптыр. А өлкөбүздө 80 пайыз мусулмандар, эмнеге тең атаандаштык болбошу керек деп ушул мыйзам долбоорду иштеп чыктык. Азыр ислам принциптери менен кредит алууда түйшүк көп, андан качып кардарлар оңой бериле турган салттуу кредитке качып жатышат”, – деди депутат.
Ал эми кошумча төлөм – кайсы бир товарды банк кардарга ислам принциптерине таянып берүүдө пайыз чектебейт, бирок кошумча төлөм кошот – тууралуу Кубанычбеков бул инфляция жана банктын кызматкерлеринин айлык акысы ж.б. ар кандай билинбеген чыгашаларга кетээрин кошумчалады.
