Кыргызстан Беларусияга айыл чарба продукцияларын жеткирет
2025-жылдын 4-июнунан 6-июнуна чейин Кыргызстандын Беларусь Республикасындагы элчилигинин колдоосу менен кыргыз-беларусь бизнес форумунун алкагында бизнес-иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Кыргыз делегациясы «Ягодка» фермасында, «Белплемживобединение», Минск No1 сүт заводунда жана Комаровский базарында болушуп, айыл чарба кооперациясын чыңдап, Кыргызстандын продукциясын уюштуруунун мүмкүнчүлүктөрүн изилдешти.
Жолугушуулар Беларустун Айыл чарба министрлигинде, Мал чарбачылыгындагы маалыматтык системалар борборунда жана Айыл чарба жана тамак-аш министрлигинин Мамлекеттик маалымат борборунда өттү.
Мындан тышкары, сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, «Кыргыз агрохолдинг» ААК менен «Доброном» жабык акционердик коомунун (Копеечка, Маяк жана Доброном дүкөндөр тармагы) ортосунда Кыргызстандын айыл чарба продукциясын жеткирүү боюнча келишимге кол коюлду.
Айыл чарба, фармацевтика, тамак-аш жана жеңил өнөр жай тармагындагы биргелешкен долбоорлор талкууланып, алар боюнча бир катар иш-чаралар пландалууда.
Бул сапар Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоодо, өз ара пайдалуу өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда маанилүү кадам болду.
