Комитетте кыргыз товарларынын экспортун көбөйтүү боюнча маалымат угулду
Бүгүн, 11-марттагы Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында кыргыз товарларын (текстиль жана кийим-кече, анын ичинде салттуу кол өнөрчүлүк жана бут кийим) чет өлкөлөргө экспорттоо үчүн эл аралык жана региондор аралык байланыштарды өнүктүрүү боюнча иштер тууралуу маалымат угулуп, эске алынды.
Аталган маселе боюнча баяндама жасаган Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов белгилегендей, бул багытта бүгүнкү күндө «Кыргыз Экспорт» мамлекеттик мекемеси тарабынан активдүү иштер жүргүзүлүүдө.
«Тагыраагы, «Кыргыз Экспорт» мекемеси кыргызстандык текстиль ишканаларынын эл аралык көргөзмөлөргө катышуусун уюштуруп, чет элдик өнөктөштөрдү табууга жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жардам берүүдө», - деген баяндамачы Кыргызстандан экспорттолгон тигүү буюмдары 2024-жылдын январь-сентябрь айларында 83,3 миллион АКШ долларын түзгөнүн кошумчалады.
Талкуу маалында депутат Сеидбек Атамбаев кыргыз элинин улуттук оюм-чийимдери түшүрүлгөн кийимдерди саткан россиялык YAKA брендине карата кандай чаралар көрүлгөнүнө кызыкты.
