Артыкбаев Монголиядагы таштандыларды сорттоо жана кайра иштетүүчү заводдун расмий ачылыш аземине катышты
12 июнь

Артыкбаев Монголиядагы таштандыларды сорттоо жана кайра иштетүүчү заводдун расмий ачылыш аземине катышты

2025-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Айбек Артыкбаев Монголияда колдонулган электрондук таштандыларды сорттоо жана кайра иштетүүчү заводдун расмий ачылыш аземине катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Аталган ишкана Кыргыз Республикасынын, Монголиянын жана Япониянын жеке компанияларынын биргелешкен кызматташуусунун алкагында Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) колдоосу менен түзүлгөн. Долбоорду мындан ары ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагынан электрондук калдыктарды жыйнап, аларды кайра иштетүү үчүн жаңы ачылган заводго системалуу түрдө жеткирүү иштерин уюштуруу пландаштырылууда.

2024-жылы Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Элчилигинин көмөгү менен япон жана монгол компанияларынын өкүлдөрүнүн Кыргызстанга иш сапары болуп, анын жүрүшүндө кайра иштетүү үчүн электрондук тетиктерди жеткирүү потенциалына алдын ала баа берилген.

Кызматташтыктын алгачкы этабында колдонулган компьютердик платалардын алгачкы партиясы Кыргыз Республикасынан сатып алынып, Монголияга экспорттолду.

Бул долбоорду ишке ашыруу электрондук таштандыларды экологиялык жактан таза кайра иштетүү жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө маанилүү салым болуп саналат жана Кыргыз Республикасы, Монголия жана Япониянын ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөт.