Жыл башынан бери Кыргызстандын ИДПсы 13,1%га көбөйдү
15 апрель

Жыл башынан бери Кыргызстандын ИДПсы 13,1%га көбөйдү

Ички дүң продукт 2025-жылдын январь-мартында алдын ала баалоо боюнча 329,1 миллиард сомду түздү жана 2024-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 13,1 пайызга өстү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифинггде Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

Анын айтымына караганда,  ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, кызмат көрсөтүүчү тармактары жана продукттарга болгон таза салыктар тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи мурунку жылдын январь-мартына салыштырмалуу 22,2%, кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 8,7% , ал эми продукттарга болгон таза салыктар 12,2% жогорулады.  

ИДПнын түзүмүндө эң чоң үлүш (51,0%) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келип, мурунку жылдын январь-мартына салыштырмалуу 2,9 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн, ошол эле учурда товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү тескерисинче 4,0 пайыздык пунктка жогорулап 31,5% түздү. Мында курулуштун жана өнөр жайдын үлүшү мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,2 пайыздык пунктка жогорулаган, ошол эле учурда айыл чарбасынын үлүшү тескерисинче 0,4 пайыздык пунктка кыскарган.