Кыргызстан менен Малайзия энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты талкуулады
Үстүбүздөгү жылдын 19-майында КР тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров экинчи кыргыз-малайзия саясий консультацияларына катышуу үчүн Малайзияга болгон иш сапарынын алкагында Малайзиянын бир катар министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Атап айтканда, Абакиров Малайзиянын башкы прокурору Мохд Дусуки бин Мохтар, Жогорку билим берүү министрлигинин, Санариптик технологиялар министрлигинин жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилиги жана өкүлдөрү менен жолугушту.
Аталган жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жана Малайзиянын ортосундагы билим берүү, санариптештирүү, саламаттыкты сактоо, укуктук кызматташтык жаатындагы өз ара аракеттенүүнүн учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле эки өлкөнүн кароосундагы тиешелүү эки тараптуу документтердин долбоорлору талкууланды.
Тараптар аталган тармактардагы кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө даярдыктарын билдиришти.
Мындан тышкары, 2025-жылдын 19-майында М.Абакиров “Petronas” малайзиялык мамлекеттик компаниясынын вице-президенти Норафизал Мат Саад менен да жолугушту. Анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча мүмкүн болгон кызматташтык маселелери талкууланды.
