Кыргыз тигүүчү компаниялары BEE-TOGETHER аркылуу Россия рыногуна чыгышты
31 май

Кыргыз тигүүчү компаниялары BEE-TOGETHER аркылуу Россия рыногуна чыгышты

2025-жылдын 27-майында Москва шаарында жеңил өнөр жай боюнча контракттык өндүрүш тармагындагы BEE-TOGETHER.Ru аттуу 19-Эл аралык көргөзмө ачылды. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин, Россиянын Мода индустриясынын катышуучуларынын Ассоциациясы (RAFI), «Кыргыз экспорт» мамлекеттик борбору жана «Евразиялык бизнес-клуб» ОЮЛ алдындагы текстилди өнүктүрүү борборунун активдүү көмөгү аркылуу 60тан ашык тигүү жана текстиль ишканаларынын катышуусунда Кыргызстандын Улуттук көргөзмөсү уюштурулду.

Иш-чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Боконтаев сөз сүйлөп, Кыргызстандын текстиль тармагынын жогорку экспорттук потенциалы тууралуу айтып берди жана мындай аянтчалар кыргыз продукциясын Россия рыногунда жайылтуу үчүн чоң мааниге ээ экенин белгиледи, ошондой эле уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.

Өз кезегинде РАФИнин президенти Татьяна Белькевич кыргыз өнөктөштөрү менен кызматташтыкты оң баалап, Россиянын бренддеринин, ритейлерлеринин жана маркетплейстеринин Кыргызстандагы фабрикалардын өндүрүш мүмкүнчүлүктөрүнө болгон кызыгуусу өсүп жатканын белгиледи.

Көргөзмөнүн жыйынтыгында кыргыз ишканалары бир катар ишкердик байланыштарды орнотуп, айрымдары продукция жеткирүү боюнча келишимдерге жетишти.

Ошондой эле, кыргыз өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында ментордук жана акселерациялык программалар жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча алдын ала макулдашууга жетишилди.

Көргөзмөгө катышкан компаниялардын тизмеси төмөнкү сайтта жеткиликтүү: https://expo.bee-online.ru/together-19/

Маалымат үчүн: «Bee-Together» - бул жеңил өнөр жай тармагындагы B2B-бизнес платформасы түрүндөгү, фабрикаларды потенциалдуу кардарлар – бренддер, чекене сатуучулар,корпоративдик кардарлар жана башкалар менен байланыштырган Россиядагы жана КМШдагы алдыңкы адистештирилген Эл аралык көргөзмөлөрдүн бири. РАФИ жылына эки жолу уюштуруп жаткан иш-чарага эл аралык өндүрүүчүлөр (КМШ өлкөлөрүнүн, Кытай, Түркия, Бангладеш ж.б. фабрикалар) катышууда.