ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө баалардын жана тарифтердин өсүшү белгиленди
2025-жылдын апрелинде өткөн айга салыштырмалуу ЕАЭБдин бардык мүчө- өлкөлөрүндө керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы катталды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.
Кыргызстанда баанын өсүшү (0,4 пайызга) белгиленди, бул азык-түлүк товарлардын (0,5 пайызга) бааларынын өсүшү менен шартталган.
2025-жылдын апрелинде 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (5,1 пайыз) Казакстанда катталган, бул баанын азык-түлүк товарларга (5,7 пайызга) азык-түлүк эмес товарларга (3,0 пайызга) ошондой эле кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин (6,5 пайызга) жогорулашы менен шартталган.
