Министрликте айыл чарба продукциясын экспорттоого көмөктөшүү боюнча штаб түзүлдү
Айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдү жана экспорттоочуларды колдоо максатында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдында айыл чарба продукциясын экспорттоого көмөктөшүү боюнча штаб түзүлдү.
Штаб Министрликтин профильдик башкармалыктарынын жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринен түзүлүп, экспорттук продукцияны чыгарууда келип чыккан көйгөйлөргө ыкчам чара көрүү жана экспорттоочуларга практикалык жана консультациялык жардам көрсөтүү үчүн түзүлгөн.
Штабдын негизги милдеттери:
- Экспорттук рыноктордогу абалды үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү, бааларды жана суроо-талапты талдоо;
- Логистикалык жана административдик тоскоолдуктарды жоюуга көмөктөшүү, продукциянын үзгүлтүксүз жеткирүүгө шарт түзүү;
- Өндүрүүчүлөргө жана экспорттоочуларга консультациялык колдоо көрсөтүү, экспорт менен байланышкан маселелерди чечүүгө жардам берүү;
- Текшерүү жана сертификациялоо органдары менен эффективдүү өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу, продукциянын сапатын текшерүү жана сертификациялоо жол-жоболорун жеңилдетүү;
- Ички өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө колдоо көрсөтүү, жаңы чет элдик рынокторго чыгуу.
Штабды түзүүнүн негизги максаты - кыргыз продукциясынын эл аралык рыноктордо позициясын чыңдоо, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана айыл чарба продукцияларынын экспортунун туруктуу өсүшүн камсыз кылуу.
Министрлик экспорттоочулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча активдүү иш алып барууну улантат жана ички продукциянын сапатын жогорулатып, аны дүйнөлүк рынокко жеткирүү боюнча демилгелерди колдойт.
Штабдын ишмердүүлүгүнө байланыштуу кошумча маалымат алуу жана суроолор боюнча айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр жана экспорттоочулар Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине кайрыла алышат.
