Панфилов районунда жаңы БСР курулат
19 май

Панфилов районунда жаңы БСР курулат

Чүй облусунун Панфилов районунда жаңы БСР курулат, деп билдирет Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, суу ресурстары министринин орун басары - Суу ресурстары кызматынын директору Нурлан Жумаев Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Панфилов районундагы бир катар ирригациялык объекттерге жана айыл чарба участокторуна барып, вегетациялык сугаттын учурдагы абалы менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө Нурлан Жумаев Аспара дарыясындагы Башкы суу алуу курулмасына барды. Ошол жерде курула турган Күнүмдүк жөнгө салуучу бассейндин (БСР) курулуш иштери менен таанышты.

Андан кийин жакында пайдаланууга бериле турчу 5 скважинаны көрдү. Бул скважиналар “Агермен” суу сактагычын толтуруу үчүн колдонулат.

Мындан сырткары Жумаев “Кара-Тума” Декадалык жөнгө салуучу бассейндин ишмердүүлүгү менен таанышты. Ошол жерде курулуп жаткан насостук станцияны да көрүп чыкты.

Иш сапардын жүрүшүндө активдүү вегетация мезгилинин алдында суу менен камсыздоону жакшыртуу боюнча сунуштар берилди, ошондой эле суу пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн ирригациялык инфраструктуранын бөлүгүн модернизациялоо зарылдыгы белгиленди.

Жумаев аталган райондогу дыйкандарга бөлүштүрүп берилген сугат суунун көлөмүн текшерди. Тиешелүү жетекчилерге вегетация мезгилинде жергиликтүү калкты сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берди.