Фермерлер үчүн: Түшүмдү кайра иштетүүчү заводдоруна өткөрүү үчүн эмне кылуу керек?
Кыргызстанда кайра иштетүү тармагы жыл өткөн сайын өнүгүүдө. Мисалы, өткөн жылы бул тармактын өсүү темпи 120 пайызга жетсе, быйылкы он айда 133 пайыз болду.
Бул тууралуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директору Мухтар Чыналиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Айтымында, учурда өсүмдүктөрдү, азыктарды кайра иштетүүнүн пайызы жогорулады. Мисалы, кант кызылчасы 100 пайыз, ал эми сүт 49 пайыз. Сүт 4-5 жыл мурда 20-25 пайыз гана иштетилчү.
Ошондой эле, белгиленгендей, мөмө-жемиштерди кайра иштетүүдө дыйкандар туш келген тоскоолдук бар – ал көлөмдүн аздыгы жана сорттун ар түрдүүлүгү. Мисалы, кайра иштетүү заводдоруна көп өлчөмдөгү жана бир сорттогу мөмө-жемиштер керек.
“Томатты алсак, бул экспорттук ролу чоң өсүмдүк. Бирок бул жашылчаны өстүргөн фермерлер майда, бытыранды болгондуктан, баарын бир стандарт менен иштетүү кыйыныраак болууда. Бизде учурда томатты иштетүү боюнча эки чоң ишкана бар – өндүрүштүк кубаттуулугу 100 тоннага чейин жетет. Бирок алар өздөрүнө белгилүү дыйкандар менен гана иштешет. Күздүн күнү аларга жащиктеп помидор алып барсаң, албайт. Анткени иштешип көрбөгөн дыйкандын азыгынан нитрат, белгисиз пестициддердин калдыктары чыгып калышы мүмкүн, аны Европада таап алышат. Ошондуктан, экспортко товарын чыгарган заводдор престижи түшүп калбашы, экспорт багыты токтобошу үчүн белгисиз фермерлердин продукцияларын алуудан баш тартышат, күзүндө помидордун түшүмү жыйналган маалда дыйкандарга жардам бере алышпайт”, – деди ал.
Айтымында, кайра иштетүүчү заводдорго продукциясын өткөрүү үчүн фермерлер жыл башынан аракет кылышы керек. Заводдор менен келишим түзүп, алар берген сортту гана өстүрүүгө туура келет.
