Кыргызстанда жазгы талаа иштери дээрлик аяктады
11 июнь

Кыргызстанда жазгы талаа иштери дээрлик аяктады

Кыргызстанда бүгүнкү күнгө карата жазгы талаачылык иштери дээрлик аяктады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, жазгы айдап-себүү иштеринин жалпы 657,1 миң гектар жер аянтында аткарылды.

Жалпылап айтканда: 

  • Буудай – 101,9 миң гектарга себилип, же жалпы структуранын 99 % жумуштар аткарылды.
  • Арпа – 228,4 миң гектарга себилип, структура боюнча пландын аткарылышы дээрлик 95 % түздү. 
  • Жүгөрү – 105,8 миң га себилип, же болбосо структурагы ылайык 98 % аянтта жумуштар аткарылып, өткөн жылдын деңгээлинде болду.
  • Картошка – республика боюнча 63,6 миң гектар аянтка отургузулуп, бугүнкү күндө структурага ылайык 96 % аянтта жумуштар аткарылды.
  • Жашылча өсүмдүктөрү – 53,0 миң гектар аянтта айдалып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,7 миң гектарга көп.
  • Бакча өсүмдүктөрү – 12,2 миң гектарга айдалып, өткөн жылга салыштырмалуу 1,16 миң гектарга көп.
  • Май өсүмдүктөрү – 12,7 миң гектар аянтка себилип, өткөн жылдын деңгээлинде болууда.
  • Кант кызылчасы – Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарында жалпы 13,0 миң гектар жерге айдалып, жумуштар аяктоо адында турат.

Министрлик тарабынан жазгы талаачылык иштеринин өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыздоо максатында бардык зарыл агротехникалык чаралар көрүлүп, тынымсыз мониторинг жүргүзүлүп турду. Ошону менен бирге, заманбап технологияларды колдонууга өзгөчө көңүл бурулду.