Кыргызстандын Италия менен соода жүгүртүүсү 4 жылда дээрлик беш эсеге өстү
30 май

Кыргызстандын Италия менен соода жүгүртүүсү 4 жылда дээрлик беш эсеге өстү

Кыргызстандын Италия менен соода жүгүртүүсү акыркы төрт жылда дээрлик беш эсеге өстү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Астана шаарында өткөн «Борбор Азия - Италия» Биринчи саммитинин жыйынында билдирди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Италия менен стратегиялык өнөктөштүктү түзүү, экономикалык жана өндүрүштүк байланыштарды чыңдоо Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу мааниге ээ экенин белгиледи.

Анын айтымына караганда, учурда республиканын тышкы соодасынын жалпы көлөмүндө Италиянын үлүшү анчалык чоң эмес бойдон калууда.

"Биздин италиялык өнөктөштөр менен иштеше турган багыттарыбыз бар деп ойлойм. Кыргызстан чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, экономиканы активдүү өнүктүрүүдө", - деди Садыр Жапаров.

Ал италиялык компанияларды гидроэнергетика, кайра жаралуучу энергетика, жеңил өнөр жай, банк сектору, санариптештирүү жана туризм сыяктуу тармактарда долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууга чакырды.

Белгилей кетсек, саммиттин темасы «Жалпы горизонттор. Глобалдык туруктуулук үчүн Борбор Азия менен Италиянын диалогу» деп аталды.

Иш-чарага Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, ошондой эле Италиянын министрлер кеңешинин төрайымы Джорджа Мелони катышты.