Талас облусунун дыйкандары активдүү түрдө тамчылатып сугаруу ыкмасына өтүүдө
11 июнь

Талас облусунун дыйкандары активдүү түрдө тамчылатып сугаруу ыкмасына өтүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаевдин тапшырмасына жана министрликтин сунуштамаларына ылайык, Талас облусундагы дыйкандар тамчылатып сугаруу ыкмасына активдүү өтө башташты.

Манас райондук суу чарба башкармалыгы Семетей айылындагы 12,5га кайракы айыл чарба айдоо жерди 5 жылга ижарага алып, тамчылатып сугаруу системасы орнотулуп толугу менен иштей баштады. Ал жерге 10 миң жаңгак тигилди. 

Айтматов райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан 100 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулууда. Сарымсак каналындагы 60 гектарга, Ногой каналындагы 20 гектарга себилди. Ал эми Бел каналынын астындагы 20 гектар жерге электр чубалгылары тартылууда. 

Министрликтин сунуштамаларына ылайык, Ат-Башат айылындагы дыйкандар өз каражатына 11 гектар жерге тамчылатып суугару системасын орнотушкан. 

Ал эми Бакай-Ата райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан 57,5 гектар аянтка мөмө-жемиш өстүрүү үчүн тамчылатып суугаруу системасы орнотулууда.

Ошондой эле, Талас районундагы дыйкан Алматы шаарынан көчмө жамгырлатып сугаруу системасын алып келип колдонууда.  

Тамчылатып сугаруу – бул сууну үнөмдөөчү эң натыйжалуу технологиялардын бири болуп саналат. Анын жардамы менен суунун чыгымын 50–70%га чейин кыскартууга, түшүмдүүлүктү жогорулатууга, топурактын туздалышын азайтууга жана өсүмдүктөрдүн тамыр тутумун так жана бир калыпта нымдоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга болот.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги дыйкандарды ушундай суу үнөмдөөчү технологияларды кеңири колдонууга чакырат. Айрыкча климаттын өзгөрүшү жана суу ресурстарынын чектелүү шартында бул өтө маанилүү.