Беш айда «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоорунун алкагында 2,4 миллиард сомго жеңилдетилген насыя берилди
«Агроөнөр жай комплексин насыялоо» долбоорунун алкагында 2025-жылдын алгачкы беш айында «Айыл Банк» ААК жана «Элдик Банк» ААК тарабынан 989 агроөнөр жай субъектисине жалпы суммасы 2,4 миллиард сомдук жеңилдетилген насыя жана лизинг берилди.
Анын ичинде:
- «Айыл Банк» ААК – 526 субъекке 1,2 миллиард сом суммасында;
- «Элдик Банк» ААК – 463 субъекке 1,2 миллиард сом суммасында колдоо көрсөттү.
Бул долбоор айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайын жеткиликтүү каржылоо аркылуу өнүктүрүүгө багытталган.
