Төрөбаев: Үрөн, жер семирткич, пестициддер менен камсыздоодо көйгөй жаралбайт
10 март

Төрөбаев: Үрөн, жер семирткич, пестициддер менен камсыздоодо көйгөй жаралбайт

Быйыл 2025-жылга 64,6 миң тонна дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү керектелет, бүгүнкү күнгө карата 58,5 миң тонна үрөн топтолуп, камсыздоо 91 % түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары  - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин комитет жыйында билдирди. 

Ал эми сулуу, күрүч, тамеки, чанактуулар жана соя өсүмдүктөрү 100 % камсыздалды. Жетпеген үрөндөр дотация аркылуу жана үрөн чарбаларда эркин сатууга коюлган үрөндөр менен камсыздалат. 

Ошондой эле, 2025-жылга 15 питомник тарабынан мөмө-жемиштердин 12 млн 152 миңден ашык көчөттөрү даярдалды. 

Минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо дагы талапка ылайык жүргүзүлүүдө.  Бир жылга болжолдуу керектөө 140-150 миң тоннаны түзөт. Бүгүнкү күнгө карата 41,9 миң тонна минералдык жер семирткичтер ташылып келинип, 30 % камсыздалды. Учурда 8 компания жер семиркичтерин ташып келип жатат, үзгүлтүк болбойт. 

Бүгүнкү күндө аммиак селитрасынын 1 кг – 23,0 - 30,0 сомду, ал эми карбамид 29,5 - 39,0 сомду түзүүдө. 

Мындан сырткары, пестициддер менен камсыздоо дагы үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат.  Пестициддерге болгон жалпы керектөө – 713,3 тоннаны түзөт. Бүгүнкү күнгө карата 241,8 тонна пестициддер ташылып келинди, камсыздоо – 34,0 %  жетти. Азыркы учурда пестициддер менен камсыз кылуу иштери ташып келүүчү компаниялар тарабынан жүргүзүлүүдө жана камсыздоодо көйгөй жаралбайт. 

Пестициддердин орточо баалары 600 сомдон 3 000 сомго чейин түзүүдө. 

Учурда республика боюнча айдап себүү жумуштарына 22 150 техниканын ичинен 83 пайызы даяр болду. Жалпы 172 МТС түзүлүп иштеп жатат.