Кара-Сууда пахтанын жогорку сорту менен жүзүмдүн жаңы беш сорту өстүрүлүүдө
30 май

Кара-Сууда пахтанын жогорку сорту менен жүзүмдүн жаңы беш сорту өстүрүлүүдө

Кара-Суу районунда пахтанын жогорку сорту менен жүзүмдүн жаңы беш сорту өстүрүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районундагы бир катар айыл чарба өндүрүштүк үрөнчүлүк кооператив ишканаларынын ишмердүүлүктөрү менен таанышып, көчмө жыйын өткөрдү.

Алгач, министр Бакыт Төрөбаев Кара-Суу районундагы 42,2 гектар аянтка гектарынан 75-90 центнерден түшүм алуу максатында тамчылатып сугаруу ыкмасы менен эгилген пахтанын эң жогорку сортунун өсүмдүүлүгүн көзөмөлдөн өткөрүп, жергиликтүү дыйкандарга тамчылатып сугаруунун пайдалуулугун жайылтууну тапшырды. “Отуз-Адыр” мамлекеттик өндүрүштүк үрөнчүлүк ишканасынын жалпы 245,0 га жер аянты бар.

Быйыл 39,0 га күздүк буудай, 22,0 га күздүк арпа, 58,0 га жүгөрү, 31,0 га көп жылдык беде жана 8,0 га жер аянтына жашылча жана бакча өсүмдүктөрүн экен. Андан соң, министр Манас айыл аймагынын Кызыл-Мээнет айылындагы “Оомат Агро” айыл чарба өндүрүштүк үрөнчүлүк кооперативинин 3 гектар жерге эгилген жүзүмдүн жаңы 5 сортун көрдү.

Бул жүзүмдүн 5 сортунун 4500 даана көчөттөрү, жалпы суммасы 1 млн 200 сомго Өзбекстандан алынып келген. Алсак, “Хусайин белый” сортунан 750 даана көчөтү 0,50 га, “Кишмиш белый” сортунан 750 даана 0,50 га, “Кишмиш черный” сортунан 750 даана 0,50 га, F-1 черный сортунан 750 даана 0,50 га, “Алатар” сортунан 1500 даана 1,0 гектарга эгилип, өстүрүлүүдө. “Оомат Агро” үрөнчүлүк чарбасында жалпы 121,23 га сугат айдоо жери бар.

Быйыл 97,0 га жерге пахта, 16,0 гектарга күздүк буудай, 5,23 гектарга жүгөрү ал эми 3,0 га жер аянтына жүзүм айдалган. Иш-чаранын соңунда дыйкан-фермерлерге тамчылатып сугаруунун пайдалуулугун жайылтууга өзгөчө көңүл буруу жана зарыл шарттарды түзүү, колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмалар берилип, бир катар чечимдер кабыл алынды.