Таш-Көмүр ГЭСинде күз-кыш мезгилине даярдык боюнча пландалган оңдоо иштери башталды
2 апрель

Таш-Көмүр ГЭСинде күз-кыш мезгилине даярдык боюнча пландалган оңдоо иштери башталды

“Электр станциялар” ААКнын филиалы — Таш-Көмүр ГЭСинде 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык иш-чараларынын алкагында жабдууларды пландалган техникалык кароо жана капитылдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

1-апрелден 10-апрелге чейин ГТ-3 гидроагрегаты техникалык кароого чыгарылгандыктан, станция учурда 300 МВт кубаттуулукта эки гидроагрегат менен иштеп жатат. Бул иш-чара гидроагрегаттардын туруктуу жана коопсуз иштешин камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.

Ошол эле учурда, 1-апрелден 14-апрелге чейин ГТСН-22 трансформатору капиталдык оңдоодон өтөт. Бул оңдоо иштери электр берүү жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана системанын узак мөөнөттүү туруктуулугун камсыз кылууга багытталган.

Бардык оңдоо жана техникалык тейлөө иштери бекитилген графикке ылайык, коопсуздук талаптарынын сакталышын эске алуу менен аткарылууда.

Оңдоо иштери 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында ноябрь айына чейин улантылат.