
Тармактык комитет «Бир үй – бир генерация» долбоорун ишке ашыруу боюнча маалымат алды
Бүгүн, 10-июндагы Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин 2025-жылдын 11-февралындагы чечими менен Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине сунушталган «Бир үй – бир генерация» долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маселе каралды.
Жыйында баяндама жасаган Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов белгилегендей, аталган долбоорду ишке ашыруу жана энергетика тармагындагы кубаттуулуктардын жетишсиздигин жоюу максатында Министрлер кабинети 2024-жылдын 4-ноябрында атайын тескеме кабыл алган. Тагыраагы, баяндамачы бул тескемеде чакан кубаттуулуктагы ЭКБ (энергиянын кайра жаралуучу булактары) объекттерин жана микрогенерация объекттерин (күн панелдери, күн коллекторлору, чакан фотоэлектр станциялары, шамал генераторлору) киргизүү каралганын айтты.
Талкуу маалында депутат Сеидбек Атамбаев Баткен облусунун Зардалы айылын күн панелдери аркылуу электр энергиясы менен камсыз кылуу долбоору тууралуу сөз кылып, панелдер 20-30 жылдан кийин утилизациялоого тийиш экенин белгилөө менен аларды туура жана коопсуз жок кылуу механизмдерин иштеп чыгууга чакырды.
Ал эми депутат Чыңгыз Айдарбеков микрогенерация объекттерин, чакан ГЭСтерди кеңири жайылтуу маселесин ортого салып, бул багытта эл аралык тажрыйбаны эске алуу керектигин белгиледи. Анын айтымында, бул үчүн жеңилдиктерди жана преференцияларды камтыган система түзүлүшү керек. Эл өкүлү Марат Мураталиев кайра жаралуучу энергия булактарын аймактарды өнүктүрүү үчүн натыйжалуу курал катары колдонуу мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурду.
Өз кезегинде комитет төрагасы Азизбек Турсунбаев учурда өлкө боюнча 40ка жакын чакан ГЭС иштеп жатканын айтып, алар тарабынан өндүрүлгөн электр энергиясын мамлекет кандай шартта сатып аларын тактады. Буга Насипбек Керимов 2024-жылы чакан ГЭСтерден 958 миллион сомго электр энергиясы сатып алынганын, ал эми 2025-жылдын беш айында бул сумма 422 миллион сомду түзгөнүн маалымдады.
Жыйынтыгында комитет Энергетика министрлигинин маалыматын эске алды.
Муну менен катар жыйында керектелген электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы үчүн дебитордук карыздар боюнча Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маалыматы угулуп, эске алынды.
Андан тышкары, «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Жакшылык Токтосунов тааныштырды. Анын айтымында, мыйзам долбоорунун максаты жер мыйзамдарынын сакталышына мамлекеттик контролдун натыйжалуулугун жогорулатуу жана геодезиялык инфратүзүмдүн сакталышын камсыз кылуу болуп саналат.