5 айда “Сосновка” жана “Кара-Көл” көзөмөл-өткөрүү пункттарында 100 млн сомдон ашык каражат чогулду
10 июнь

5 айда “Сосновка” жана “Кара-Көл” көзөмөл-өткөрүү пункттарында 100 млн сомдон ашык каражат чогулду

“Сосновка” жана “Кара-Көл” көзөмөл-өткөрүү пункттарында QR-код менен накталай эмес түрдө төлөм системасы аркылуу 5 айда жалпы 100 млн 992 миң 765 сом жыйым чогулду. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 46,3%га көп.

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев буга чейин калкка кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу, адам факторун жокко чыгаруу, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо максатында “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинин жетекчилигине элдин ыңгайлуулугу үчүн аталган көзөмөл-өткөрүү пункттарды тез арада накталай эмес төлөмгө өткөрүү тапшырмасын

Натыйжада, үстүбүздөгү жылдын январь айынан тарта айдоочулар үчүн накталай төлөм жүргүзүү токтотулду. Учурда жарандар заманбап жана ыңгайлуу болгон QR-код аркылуу, жеринде орнотулган терминалдар аркылуу же электрондук капчыктар мобилдик тиркемелер аркылуу төлөм жүргүзүп жатышат.

“Өндүрүштүк инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери тарабынан иштелип чыккан системанын кеңири колду.