Кыргызстан беденин үрөнүн экспорттоону жандандырды — биринчи партия Россияга жөнөтүлдү
Кыргызстан көп жылдан бери баалуу болгон тоют өсүмдүгү — беденин (люцернанын) үрөнүн экспорттоону кайра жандандырды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, биринчи партия 40 тонна көлөмүндө ийгиликтүү түрдө Россия Федерациясына жөнөтүлдү.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын люцерна үрөнүн Азербайжанга экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул өлкөдө да мал чарбасын өнүктүрүү үчүн сапаттуу тоюттарга суроо-талап жогору болууда.
Кыргызстан люцерна үрөнүн өстүрүү үчүн эң ылайыктуу табигый-климаттык шарттарга ээ: түшүмдүү жерлер, таза суу, бийик тоолуу климат жана бай агрардык салттар — булардын баары экологиялык жактан таза жана азыктык баалуулугу жогору продукцияны өстүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тоют өсүмдүктөрүн, анын ичинде люцернаны өндүргөн жана экспортко чыгарган ишкерлерди колдоону улантып, экспорт рыногун кеңейтүүгө багыт алган.
Люцернанын үрөнүн экспорттоо — бул дыйкандар үчүн кошумча киреше булагы гана болбостон, өлкөнүн экспорттук потенциалын бекемдөөгө, агрардык секторду өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын дүйнөлүк рынокто ишенимдүү жана сапаттуу айыл чарба продукциясын жеткирүүчү катары ордун бекемдөөгө чоң салым кошот.